Депутат Бейшеналы Нурдинов вице-спикерликти тапшырып берген Нурбек Сыдыгалиевдин орду боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Вице-спикер Аида Касымалиева Нурбек Сыдыгалиев парламенттик шайлоого талапкер катары катталгандан кийин кызматтан кетүү арызын бергенин айтты. Анын кызмат орду бош экенин белгиледи.
Депутат: "Вице-спикердин орду эмне болот? Төрага өзүнүн иши менен болот. Сиз ооруп калсаңыз кандай болот?", - деп сурады.
Касымалиева бул маселе Жогорку Кеңештин палатасында чечиле турганын айтты.