Мелис Турганбаев: "Жогорку Кеңештин депутатынын негизги миссиясы мыйзам чыгаруу жана элге кызмат кылуу"

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттыгына талапкер Мелис Турганбаев шайлоочуларга кайрылуу жолдоду.
«Урматтуу шайлоочулар! Урматтуу мекендештерим! Мен бүт өмүрүмдү укук коргоо тармагына арнадым. Өлкөдөгү мыйзамдуулуктун орношу, эл менен милициянын ортосунда байланышты күчөтүү аракетин көрдүм. Ошону менен катар спорт тармагын да көтөрүүгө аракетимди жумшап, жаш спортчуларды колдоо, эл аралык аренада алардын укугун коргоо боюнча иштерди алып баруудамын. Эми коомго жаңы багытта кызмат кылуу үчүн бир мандаттуу №28 Октябрь райондук шайлоо округунан парламенттин депутаттыгына талапкер катары аттанып жатам.
Мен Жогорку Кеңешке ыңгайлуу креслого ээ болуу, кол тийбестикке жетүү же кандайдыр бир кызыкчылык үчүн барууну көксөп жаткан жокмун. Көп жылдык тажрыйбамдан билген көйгөйлөрдү мыйзам аркылуу чечүү, элдин бакубат жашоосу жана укуктук жактан кепилдик камсыз кылуу үчүн бир катар мыйзамдарды жазып, аны ишке ашыруу ниети менен бара жатам.
Ички иштер органдарында иштеп жүрүп, кай бир мыйзамдардагы кемчиликтерден улам айрым учурда жөнөкөй адамдарга карата жасалган адилетсиздиктин алдын алуу мүмкүн болгон жок. Мен бир нече жолу парламенттин депутаттарына көптөгөн көйгөйлүү темаларды көтөргөм. Бирок алардын көбү ишке ашкан жок. Себеби эгер адам бир нерсени өзгөрткүсү келсе, аны өзү жасашы керек экен.
Учурда биздин мамлекет терең көз караштагы, анализдеп ой жүгүртүп, ал аркылуу керектүү сунуштарды бере алган тажрыйбалуу кадрларга өтө муктаж. Жогорку Кеңешке барсам, албетте, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана тартипти сактоого өзгөчө көңүл бурам. Ошол эле учурда башка тармактар боюнча дагы маселени чечүүгө билимим жетиштүү. Пенсияны жогорулатуу маселесин көтөрүү, жаңы жумуш орундарынын пайда болушуна шарттарды түзүү, үйлөргө чектеш жайгашкан тилкелерге кандайдыр бир курулуштарды курууга тыюу салуу, тротуарларды жана эс алуу жайларын жакшыртуу, спортсмендердин укугу, пенсиясы, машыктыруучулардын айлык акылары жана башка көптөгөн маселелер планыма кирген.
Менимче, парламент интригалардын жана министрлердин портфелдерин бөлүштүрүүчү жер эмес. Азыркы тапта жаңы Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин айрым функциялары президентке өттү. Демек, депутаттарга өздөрүнүн негизги миссиясы болгон мыйзам жазууга жана элге ак кызмат кылууга эч нерсе тоскоол болбошу керек. Биз бул багытта жемиштүү иштеп бере алабыз. Урматтуу мекендештер, Бишкек шаарынын тургундары, эгерде сиз элибиздин жана мамлекетибиздин келечегине кайдыгер карабасаңыз, эгер сиз заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу шаарда жашоону кааласаңыз, анда 28-ноябрда шайлоо тилкесине келип, мага добуш бересиз деген ниеттемин.
Урматтоо менен, генерал Мелис Турганбаев».

Аткаруучу: "Супер.кж" ЖЧКсы, дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат.

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетович.

Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 29-октябрь.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетовичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сапарбек кызы Карачач тарабынан төлөндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан