УКМК тарабынан кармалган айыл чарба министринин орун басары кызматынан бошотулду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган айыл чарба министринин орун басары Ильич Марсбек уулу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинети маалымдады.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

"Чечим Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна (ишеним жоготуу) ылайык кабыл алынды", - деп жазылат билдирүүдө.

27-октябрда УКМК айыл чарба жана региондук өнүктүрүү министринин азыркы жана мурдагы орун басарлары кармалганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан