Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Глазго шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк лидерлердин саммитинин алкагында Монголиянын өлкө башчысы Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров кесиптеши Ухнаагийн Хурэлсухту Монголиянын президенттигине шайланышы менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары түрдүү тармактарда эки тараптуу кыргыз-монгол кызматташтыгын кеңейтүү, анын ичинде жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу сыяктуу маселелерди талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан