Бүгүн, 1-ноябрда Глазго шаарында Бириккен улуттар уюмунун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитинин ачылыш аземи болду.
Президенттин администрациясынан билдиришкендей, ачылыш аземге өлкө башчы Садыр Жапаров катышты.
Саммиттин алкагында Садыр Жапаров эртең, 2-ноябрда кайрылуу менен чыгып, анда иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын климаттын өзгөрүүсүнөн эле эмес, абийирсиз чарбалык ишмердүүлүктөн да сактап калуу маанилүү экенине буруп, айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине токтолот.
БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясы 30 миңден ашуун делегат, анын ичинде 120 дүйнө лидерлеринин, эксперттер жана өкмөттүк чиновниктердин катышуусунда өткөн Улуу Британиядагы эң ири саммит болуп калары белгиленет.