Өлкө башчы Садыр Жапаров 1-ноябрда Глазго шаарында Дүйнөлүк лидерлердин саммитинин аянтчасында Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы тарабынан маалым болду.
Садыр Жапаров курчап турган чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө, экологияга жана мөңгүлөрдүн эришине каршы күрөшүү жаатындагы өз ара кызматташууну активдештирүүгө даяр экенин билдирди. Мамлекет башчы Исландия тарапка улуттук инвестициялык жана климаттык инвестициялык программаларды ишке ашыруу үчүн көп тараптуу механизмдердин, анын ичинде жашыл климаттык фонд жана климаттык инвестициялык фонддун алкагында кызматташууну бекемдөөнү сунуштады.
Өз кезегинде Исландиянын өкмөт башчысы Кыргыз мамлекети суу энергетикасын өнүктүрүү жана геотермалдык булактарды пайдалануу боюнча эбегейсиз потенциалы бар экенин, бирок өлкө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албай жатканын баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү өзүнүн суу энергетикалык потенциалынын 15 пайызын гана пайдаланып жатканын, өлкөдө 200гө жакын кичи ГЭС жана 30 ири ГЭС курууга болорун айтты.
"Эгерде биз бул ГЭСтерди курсак, анда Кыргыз мамлекети толугу менен электр энергиясына өтүп, мазут же көмүрдөн баш тарта алат. Биз бул максаттарга 2040-жылга чейин жетүүнү каалайбыз", - деди мамлекет башчысы.
Катрин Якобсдоуттир баса белгилегендей, Исландия Кыргыз Республикасы менен кызматташууга чоң кызыгуу көрсөтүүдө. "ГЭСтер жана геотермалдык булактарды пайдалануу мүмкүнчүлүгү биздин адистер менен эксперттер жардам бере турган потенциалдуу багыттардын бири болуп саналат, анткени биз бул тармактарды жогорку деңгээлге койдук", - деп сунуштады ал.
Андан ары тараптар билим берүү жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташуу, ошондой эле ГЭСтерди куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.