Садыр Жапаров депутаттык шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Анда шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын шайлоо мезгилиндеги иши жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлабашы керектиги айтылат. Ошондой эле тигил же бул талапкерди, партиялык тизмени эркин тандоосуна таасирин тийгизбеши кажет.

Жарлыкка ылайык төмөндө белгиленген нерселер так аткарылууга тийиш:

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тиешелүү милдеттерин жана чектөөлөрдү, шайлоо жөнүндө белгиленген мыйзамдарды так сактасын;

2. Бардык жарандар, талапкерлер, саясий партиялар, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамда каралган эркин үгүт жүргүзүү мүмкүнчүлүгү менен камсыздалсын;

3. Аткаруу бийлигинин, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынсын;

4. Талапкерлер жана саясий партиялар мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткиликтүүлүктүн бирдей шарттары менен камсыз кылынсын;

5. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга, кызмат абалынын артыкчылыктарын кайсы бир талапкердин жана саясий партиянын пайдасына колдонууга тыюу салынсын;

6. Билим берүү мекемелеринин мугалимдерин жана окуучуларын, жогорку окуу жайлардын окутуучуларын жана студенттерин, социалдык камсыз кылуу органдарынын кызматкерлерин, медициналык мекемелердин персоналдарын, башка мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, калкты тейлеген мекемелер менен ишканалардын кызматкерлерин кандайдыр бир талапкердин жана саясий партиянын пайдасына шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартууга тыюу салынсын;

7. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине мыйзамсыз катышкан жана кызмат ордун талапкерлердин жана саясий партиялардын пайдасы үчүн колдонгон кызматкерлер кечиктирилбестен тартип жоопкерчилигине тартылсын, зарыл болсо ээлеген кызматынан бошотулсун;

8. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия тарабынан жарандардын шайлоо укуктарынын сакталышы камсыздалсын. Шайлоо жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына катуу көзөмөл жүргүзүлсүн. Шайлоо жөнүндө мыйзамдарды пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;

Ал эми өлкөнүн Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде төмөнкүлөрдү так аткарууга тийиш:

1. Шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын аткарылышын камсыз кылсын, ким тарабынан болбосун шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуу фактыларын өз убагында табууга жана болтурбоого жетишсин;

2. Мыйзамдуулуктун бузулгандыгы жөнүндө арыздардын жана билдирүүлөрдүн келип түшкөн, түшпөгөнүнө карабай, дайыма көзөмөл жүргүзүп турсун;

3. Ар бир табылган шайлоо жөнүндө мыйзам бузуу фактысы боюнча мыйзамда белгиленген тартипте өз убагында прокурордук чараларды көрсүн;

4. Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитети менен тыгыз аракеттенип, жарандардын шайлоо укуктарын, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын жоболорун бузган мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоочулардын, саясий партиялардын жана талапкерлердин даттанууларын ыкчам түрдө кароону камсыз кылсын;

5. Саясий экстремизмге, конституциялык түзүлүшкө кол салууга, расалык, этностор аралык, социалдык же диний жек көрүүчүлүктү козутууга, зомбулукту жана согушту пропагандалоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү активдештирсин;

6. Өлкөнүн Жогорку Соту шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочулардан келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды өз убагында кароону камсыз кылсын жана шайлоо талаштарын кароонун бирдей соттук практикасын аныктоо боюнча зарыл чараларды көрсүн;

7. Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлиги шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын катышуусунда шайлоо процессинин жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан келген эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн жана аларга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткаруусуна көмөк көрсөтсүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан