Баары менен кол алышып учурашып... Садыр Жапаров дүйнөлүк лидерлер катышкан саммитте кимдер менен жолугушту?

Президент Садыр Жапаров 1-ноябрда Глазго шаарындагы SEC шотландиялык көргөзмө борборуна БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитине катышуу үчүн барды. Анда өлкө башчы бир катар жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Дүйнөлүк лидерлердин саммитинин аянтчасында өлкө башчы Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту.
Садыр Жапаров Армениянын лидери Армен Саркисян менен жолугушту. Анда президент жана Армен Саркисян Кыргыз өлкөсү менен Армениянын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экендигин билдиришти.
Андан тышкары Монголиянын өлкө башчысы Ухнаагийн Хурэлсух менен Садыр Жапаровдун жолугушуусу болуп, түрдүү тармактарда эки тараптуу кыргыз-монгол кызматташтыгын кеңейтүү, анын ичинде жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу сыяктуу маселелерди талкуулашты.
Лидерлер катышкан саммитте Садыр Жапаров Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен жолугушуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты.

Андан тышкары Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен кезигишти. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу байланыштардын кеңири багыттары, эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташуу талкууланды. Индиянын өкмөт башчысы Садыр Жапаровду 2022-жылы ыңгайлуу убакта Индияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Саммитте Садыр Жапаров Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир менен кезигишти. Тараптар суу энергетикасын өнүктүрүү, билим берүү жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташуу, ошондой эле ГЭСтерди куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.


Президент Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушуп, жемиштүү кызматташуу боюнча өз ара кызыкчылык туудурган келечектүү долбоорлор боюнча ачык сөз болду.

Президент Кыргыз өлкөсүндө жеке ишкерлердин колдоосунда чакан ГЭСтерди куруу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу башталганын белгиледи. Айтымында, жакын арада бир катар чакан ГЭСтердин курулуш иштери соңуна чыгат. Бул багытта Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын кызматташууга чакырды.
Одиль Рено-Бассо банк менен Кыргыз өлкөсүнүн кызматташтыгын жогору баалап, бизнес-коомчулукту тартуу менен экономика чөйрөсүндөгү, гидроэнергетикадагы жана кайра калыбына келүүчү энергия долбоорлорун активдүү колдоого даярдыгын билдирди.
Ага улай эле Садыр Жапаров Азиялык өнүктүрүү банкынын президенти Масацугу Асакава менен кызматташтыктын келечегин талкуулады.
Мамлекет башчысы аталган банк менен ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү колдоорун белгиледи. Ал эки тараптуу форматта жана көп тараптуу механизмдердин алкагында кызматташтыкты активдештирүүнү сунуштады. Кийинки беш жылдын максаты катары Садыр Жапаров климаттык каржылоо портфелин 150 миллион долларга чейин көбөйтүүнү сунуштады.
Өз кезегинде Масацугу Асакава кызматташтыкты активдештирүүгө даярдыгын билдирип, климат маселелери боюнча портфелди көбөйтүү маселеси банктын директорлор кеңеши менен бул жолугушуудан соң талкууланарын белгиледи. Азиялык өнүктүрүү банкынын президенти ГЭС куруу маселеси боюнча алардын адистери биргелешкен долбоорду иштеп чыгууга киришерин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан