Садыр Жапаров Глазго шаарында Кувейттин премьер-министри менен жолукту. Эмне маселе талкууланды?

Өлкө башчы Садыр Жапаров Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин Саммитинин талааларында Кувейттин премьер-министри шейх Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары бекемдөөнүн актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Ошондой эле Кыргыз өлкөсү менен Кувейттин ортосундагы мамилелерди мындан жогорку деңгээлге көтөрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Кувейт менен өз ара аракеттенүүнү соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында кеңейтүү мүмкүндүгүн белгиледи.

Шейх Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө умтулуусун жана кызыгуусун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан