Япониянын премьер-министри 6 жыл мурдагы иш сапары тууралуу айтып... Садыр Жапаров Фумио Кисида менен жолугушту

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда Глазго шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк лидерлердин саммитинин алкагында Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Жолугушууда Садыр Жапаров Фумио Кисиданы Япониянын премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктап, аны менен жолугушканы жана таанышканы үчүн кубанычта экендигин билдирди.
Ошондой эле Япониядагы эл аралык кызматташтык агенттигинин (Jica) ишмердүүлүгүн жогору баалады. Аны менен бирге Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик кызматкерлери Япониянын жогорку окуу жайларында окуудан өтүп жаткан "JDS" долбоорунун алкагындагы кызматташтык үчүн жапон өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми Фумио Кисида 2015-жылы ишке ашкан Кыргыз өлкөсүндөгү иш сапары тууралуу айтып берип, жашыл экономика жаатында жана башка ар кыл долбоорлор боюнча эки тараптуу кызматташтыкты улантууга даяр экендигин белгиледи.

Мындан тышкары кыргыз-япон мамилелеринин учурдагы абалы талкууланып, эки тараптуу саясий диалогду жогорку деңгээлде колдоо макулдашылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан