Парламенттин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү аяктаарына аз калганда дагы бир депутат ант берди
Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында 27-октябрь күнү мандат алган Эркин Жолдошалиев ант берди. Ал Абдумажит Юсуровдун ордуна "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат болгон.
Юсуров өзү жазган арыздын негизинде мандатынан ажыратылган.