Талант Мамытов боюнча Жогорку Сот БШКнын арызын кайра кайтарып берди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жогорку Сот БШКнын кассациялык даттануусун процесстик мыйзамдын талаптарына туура келишин карап чыгып, төмөндөгү негиздерде кайтарылып берилүүгө жатат деп тапкан. Административдик-процесстик кодексинин 203-беренесинин 6.7-бөлүгүнө ылайык, биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими чыгарылган учурдан тартып үч календарлык күндүн ичинде кассациялык инстанциядагы сотко кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Даттанууну берүү мөөнөтү калыбына келтирилбейт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин даттануулар кабыл алынбайт жана ушул Кодексте белгиленген тартипте кайра кайтарылат. Ошол эле учурда Бишкек шаарынын административдик сотунун 28-октябрдагы чечимине кассациялык даттануу 2-ноябрда берилген, башкача айтканда сот актысына даттануунун үч күндүк мөөнөтү өткөндөн кийин, буга байланыштуу даттануу өндүрүшкө кабыл алынбайт жана кайра кайтарылышы керек. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Административдик-процесстик кодексинин 203-беренесин жетекчиликке алып, соттук коллегия БШКнын Бишкек шаарынын административдик сотунун 28-октябрдагы токтомуна карата кассациялык даттануусун арыз ээсине кайтарып берүүнү аныктады", - деп жазылат маалыматта.