Саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 120 миллион 180 миң 392 сом түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мыйзам ченемдерине ылайык, саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
1 500 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон талапкердин өз каражаттарынан;
100 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын өз каражаттарынан;
200 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;
3 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.
Мында талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 300 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн эмес.
Шайлоого 21 саясий партия катышууда.
«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-ноябрына карата саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 120 180 392 сом акча каражаттары түшкөн.
Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынан жабууга 102 478 016 сом сарпталган:
№ |
Саясий партиянын аталышы |
Түшкөн каражат |
Чыгымдалышы |
1 |
«Ата Мекен» |
4 450 000 |
3 503 256 |
2 |
«Бүтүн Кыргызстан» |
6 977 350 |
6 829 960 |
3 |
«Альянс» |
12 931 415 |
12 927 235 |
4 |
«Легалайз» |
1 051 000 |
1 013 867 |
5 |
«Ыйман Нуру» |
2 646 200 |
2 337 220 |
6 |
«Күчтүү регион» |
1 000 250 |
1 000 150 |
7 |
«Багыт» |
1 067 350 |
1 000 150 |
8 |
«Ынтымак» |
8 481 048 |
7 422 266 |
9 |
«Ишеним» |
21 236 241 |
19 572 399 |
10 |
«Азаттык», |
6 950 908 |
4 964 036 |
11 |
«Мекенчил Эл» |
2 771 610 |
2 401 975 |
12 |
«Кыргызстандын жашылдар партиясы» |
1 050 000 |
1 000 150 |
13 |
«Жашасын Кыргызстан» |
1 017 150 |
1 000 150 |
14 |
«Социал-демократтар» |
2 160 310 |
2 079 825 |
15 |
«Аруузат» |
1 125 200 |
1 060 450 |
16 |
«Кыргызстандын Биримдиги патриоттук партиясы» |
1 449 000 |
1 439 620 |
17 |
«Улуттар Биримдиги» |
3 440 090 |
2 439 349 |
18 |
«Эл Үмүтү» |
11 687 340 |
10 827 821 |
19 |
«Ордо» |
1 225 000 |
1 030 300 |
20 |
«Улуу-Журт» |
1 021 200 |
1 000 000 |
21 |
«Ата-Журт Кыргызстан» |
26 441 730 |
17 627 837 |
БАРДЫГЫ: |
120 180 392 |
102 478 016 |