Садыр Жапаров Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров "Борбордук Азия - Европа биримдиги" эл аралык экономикалык форумдун алкагында Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы Кунио Микурия менен жолугушту. Бул туурасында президенттик администрациядан кабарлашат.

Мамлекет башчысы бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, бажы тармагындагы кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу президент сентябрда бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө мыйзамга кол койгон.

Анын айтымында, жакын арада Кыргыз жергесинде уюмдун аймактык кинологиялык борбору ачылат.
"Биз баарыбыз өлкөнүн жогорку географиялык потенциалын билебиз. Пандемия шарттарында өлкөбүз жүк ташуу жол-жоболорун болушунча жөнөкөйлөштүрүп, товарлардын эркин жүрүүсүн камсыздады", - деди президент.

Өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы Кыргыз Республикасы менен кызматташтыкты жогору бааларын белгиледи. Анын айтымында, 2019-жылдан бери Бишкекте уюмдун регионалдык окуу борбору бажы кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча ийгиликтүү иш алып барууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан