Өлкөгө Венгриянын тышкы иштер министри келди

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча бүгүн, 5-ноябрда Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто Биринчи ЕБ-СА Экономикалык Форумуна катышуу үчүн Кыргыз өлкөсүнө иш сапары менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Петер Сияртонун Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында анын өлкө жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуулары пландаштырылган.
Ошондой эле бул сапардын алкагында Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болуп, анын алкагында Кыргызстан үчүн маанилүү инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан