Садыр Жапаров Австрия менен кичи ГЭСтерди куруу боюнча кызматташтыкка кызыгуусун билдирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда “Европа Биримдиги-Борбордук Азия” биринчи экономикалык форумунун алкагында Австриянын тышкы иштер министри Михаэль Линхартты кабыл алды. Маалыматты президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Президент Садыр Жапаров австрия тарапка экономикалык форумга колдоо көрсөткөндүгү жана катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз бул платформа келечекте Борбордук Азия өлкөлөрү жана Европа Биримдигинин ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн туруктуу механизми болуп калышын каалайбыз», - деди ал.

Мамлекет башчысы Австрия Кыргыз өлкөсүнүн Европа Биримдигиндеги маанилүү өнөктөшү болуп саналарын белгиледи.

Ал келерки жылы Кыргыз өлкөсү менен Австриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгын белгилөө пландалып жатканын эске салды. “Бул убакыттын ичинде биз кызматташуунун жемиштүү жолун басып өттүк. Келерки жылы эки тараптуу кызматташуубуздагы маанилүү датаны эске алуу менен биз Австрия тарабына бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү, кызматташуубуздун бардык багыттары боюнча биргелешкен Жол картасын иштеп чыгууну сунуштайбыз”, - деди Садыр Жапаров.

Президент Австрия менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенин белгиледи.

“Бизде соода-экономикалык кызматташтык үчүн пайдаланыла элек олуттуу потенциал бар деп эсептейбиз” деген мамлекет башчысы, Кыргыз өлкөсү эки өлкө ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу үчүн товарлар тизмесин кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

Мамлекет башчысы Кыргыз мамлекетинин ири гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрү бар экенине өзгөчө көңүл буруп, Австрия менен кичи ГЭСтерди куруу боюнча кызматташтыкка кызыгуусун билдирди.

Өз кезегинде Михаэль Линхарт кыргыз тараптын меймандостугуна жана дүйнөдөгү пандемияга байланыштуу кырдаалга карабастан иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруусуна ыраазычылык билдирди.

Ал Австрия Кыргыз өлкөсү менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндө, ошондой эле туризм чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан