"Европа Биримдиги - Борбордук Азия" форуму: Кыргыз өлкөсү европалыктардын сунуштарына ачык

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда "Европа Биримдиги - Борбордук Азия" биринчи экономикалык форумунун алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн делегация башчылары жана Еврокомиссиянын вице-президенти Валдис Домбровскис менен жолугушту.

"Форум өз ишин ушул жылы Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү эгемендүүлүгүнүн отуз жылдыгын белгилеген учурда баштаганы символикалуу. Европа Биримдиги баарыбыз менен активдүү кызматташып, демократиялык жана рыноктук реформаларды өткөрүүгө колдоо көрсөтүп жатты", - деди өлкө башчы.

Форум өкмөттөрдүн, жеке сектордун, эл аралык институттардын коммуникациясынын натыйжалуу форматы болоруна жана соода, инвестициялык, инновациялык жана башка чөйрөлөрдө ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшөрүнө Садыр Жапаров ишеним артат.

Ал форумдун ачылышында Борбордук Азия менен Европа Биримдигинин кызматташтыгынын үч чөйрөсүн белгилегенин эске салды. Мамлекет башчы дагы бир чөйрөнү карап көрүүнү сунуштады. Бул дүйнөлүк стандарттардагы сапаттуу жана арзан билим берүүгө жеткиликтүүлүктү түзүү.

Ошондой эле мамлекет башчысы регионалдык коопсуздук маселесине токтолду.
"Ооганстандагы кырдаал учурда дүйнөнү тынчсыздандырууда. Айрым эл аралык түзүмдөр тарабынан Ооганстанда гуманитардык кырдаал начарлаары божомолдонууда. Бул оор мезгилде ооган эли биздин жардамга муктаж".

Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү европалык кесиптештеринин сунуштарына ачык экенин билдирди дешет президенттик администрациядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан