Президент энергетика жана суунун тартыштыгы боюнча: "2025-жылга энергетикалык каатчылык жоюлат"

Өлкөдө энергетика жана суунун тартыштыгы маселеси кечээ эле пайда болгон жок. Көйгөй акыркы 30 жылдан бери топтолгонун белгиледи Садыр Жапаров. Бул туурасында ал Кемин шаарында мульти-диагностикалык мобилдүү клиниканын ачылыш аземинде айтты.

Президенттин айтымында, энерготармактагы кыйынчылыктарга карабастан ал энерго колдонууну чектебөө жана электр жарыгына тарифтерди жогорулатпоо тапшырмасын берген.

"Тарифтерди келечекте калктын пенсия, жөлөк пул жана эмгек акысын жогорулаткан соң гана көтөрүү зарылдыгын, антпесе энергетиканы өнүктүрүү мүмкүн эместигин белгиледи. Мамлекет башчысы кошумчалагандай, өлкөдө бир нече ГЭСтин курулушу башталды жана 2025-жылга энергетикалык каатчылык жоюлат", - деп кабарлашат президенттик администрациядан.

Ошондой эле Садыр Жапаров мурунку шайлоолордон айырмаланып, учурда катышып жаткан партия жана депутаттыкка талапкерлерге эч кандай тоскоолдуктар жок экенин белгиледи. Президент эске салгандай, буга чейин оппозицияга үгүт өнөктүгүн жүргүзүүгө тоскоолдуктар болуп, жыйын өтчү жайларда электр жарыгын өчүрүп, ал турсун шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүгө көчөдөн да орун берилбей келген.

"Биз демократиялык мамлекетпиз. Азыр бардыгы каалаган талапкерин, каалаган партиясын тандоого эркиндиги бар элден көз каранды", - деп сөзүн жыйынтыктады президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан