Генерал-майор, Кыргыз күрөш федерациясынын вице-президенти, Борбор Азия боюнча UWW-Asia уюмунун куратору Мелис Турганбаев Кыргыз өлкөсүнүн күрөш боюнча курамасын 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиондугунда жетишкен ийгиликтери менен куттуктады.
"2021-жыл тарыхта ата мекендик күрөштүн жана жалпы кыргыз спортунун жылы катары калат. Алгач Кыргызстандын курамасы Азия чемпиондугунда 16 медалга ээ болду. Андан соң Олимпиада оюндарында эки күмүш жана бир коло байгени багындырып, тарыхый мааниси чоң ийгиликтерге жетишти. Улуу муундагылар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандыктар 6 медалга ээ болушуп, биринчи жолу командалык эсепте мыктылардын бешилтигине киргизилди. Азыркы тапта өтүп жаткан турнирде да биздин жаш балбандар өздөрүн мыкты деңгээлде көргөзүп жатышат. Учурда команда эки алтын жана бир күмүш медалга ээ болуп, медалдык эсепте ал төртүнчү орунду багындырды", - деди Мелис Турганбаев.
Мелис Турганбаев спортчуларга, машыктыруучуларга жана ошондой эле балбандарды даярдоого катышкандардын бардыгына, алардын профессионалдуулугуна жана күжүрмөн эмгегине терең ыраазычылыгын билдирди.
"Бул ийгиликтин баары жөн эле жерден келген жок. Жеңиштерге жетүү көп жылдык талыкпаган эмгекти талап кылды. Жыйынтыктарды анализдедик, каталардын үстүнөн иштедик, таланттуу спортчуларыбызга мүмкүнчүлүктөрдү берип жаттык. Мен буларды башталыш деп гана билем. Алдыда далай жеңиштерге жетебиз", - деп кошумчалады ал.
Эскерте кетсек, жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Эрназар Акматалиев жана Айпери Медет кызы алтын медалга ээ болуп, ал эми Бекболот Мырзаназар уулу күмүш медалды багындырды.
Дүйнө чемпиондугу Сербия өлкөсүндө болуп өттү.
Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетович. Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 8-ноябрь. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетовичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сапарбек кызы Карачач тарабынан төлөндү.