Кыргызстандык мушкер, 2013-жылы 52 килограмм салмакта Азия чемпиону аталган Азат Усеналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясында алгачкы беттешин өткөрөт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, 16-ноябрда Киев шаарында “Украинские атаманы” клубу америкалык “USA Knockouts” клубу менен күч сынашат. Азат Усеналиев өзү жакында гана келишим түзгөн украиналык клубдун курамында рингге чыгат. Белгилүү болгондой, Усеналиев 52 килограмм салмак категориясында америкалык Шон Симпсон менен беттешет. 16-ноябрга андан тышкары дагы 4 беттеш белгиленген.
Кошумчалай кетсек, Азат Усеналиев “Супер-Инфо” гезитинин версиясы боюнча “Жылдын мыкты спортчусу-2013” наамына көрсөтүлүүдө. www.super.kg порталында мыктыларды аныктоо үчүн добуш берүү кызуу жүрүп жатат.