Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова күйүүчү майдын, көмүрдүн баасы тууралуу маселе көтөрдү.
"Биз буга чейин күйүүчү майдын баасын төмөндөтүү боюнча канча сунуштарды айтканбыз. Сиздер бул чет өлкөдөн келген, өзүбүз өндүрбөйбүз деп айттыңыздар. Бүгүнкү күндө аймактарда күйүүчү майдын баасы 85-87 сом болуп жатыптыр, муну эч нерсе кыла албай жатабыз. Ал эми көмүрдүн баасын төмөндөтүү боюнча өкмөт убадасын берген. Бирок баасы түшпөй жатат. Көмүрдү өзүбүз өндүрөбүз, эмнеге баасын түшүрбөй жатабыз? Биз жарандарды жылуулук менен камсыз кыла албай жатабыз. Бир кадамдарды жасабайсыздарбы. Сөз бойдон калтырбай, иш жүзүндө аткарышыңар керек", - дейт Мамашова.