Депутат Бейшеналы Нурдинов көмүр жок болуп жатканы боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кыш келди. Өткөндө Жогорку Кеңештин комитет жыйынында көмүр көйгөйүн айттым эле. Азыр биздин президенттин Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү көмүр менен 52 пайыз камсыздалды деп айтып жатат. Ал бюджеттик мекемелерди 52 пайызга камсыз кылыптыр. Элде 10 пайыз көмүр жок. Элди камсыз кылышыбыз керек. Элди кантип камсыздайбыз?", - деди депутат.