Депутат Момбеков: "Шайлоо алдында жыйынды токтотуп туралы десек, иштейбиз деген эки депутат жок го. Залда 20 депутат отурат"

Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков залда 20 депутат отурганын айтты.

"Бишкек шаарында кол коюлган Түрк академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн өлчөмү боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Момбеков: "Фракциянын чечими бар деп айтып жатысыздар го. Фракция лидерлеринин бирөөсү дагы жок го. Деги эле бизде бир жылдан бери фракциянын жыйыны болгон жок. Биздин фракция лидери Түркияда дарыланууда. Кабыл алынган чечимдер легитимсиз болуп калат. Түшүнүп жатам, суранып жатышат. Түркияга кетип жатканда өткөрүп берип кой деп жатат да. Орхан Инандыны өткөрүп бергенден кийин муну жөн эле өткөрүп беребиз. Ал жакта маселе болбойт. Кептин баары кийин маселе болот. Залда кворум жок. Кой шайлоого баралы десек, иштейбиз деген эки депутат жок. Залда 20 депутат отурат", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан