Жакында! Мээрим Жуманазарова Ослодо жеңип алган атаандашы менен кайрадан беттешет

Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси Мээрим Жумазарова ушул жылдын 3-декабрында Орусияда өтө турчу күрөш боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган мелдеште Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмак ченинде орусиялык Ханум Велиева менен кармашат.

Гран-при Москва — АЛРОСА кубогу" аталышындагы турнир 3-декабрда өтөт. Анда грек-рим, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү, грэпплинг боюнча беттештер өтөт.

Эске салсак, октябрь айында Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда Мээрим Жуманазарова жарым финалда орусиялык Ханум Велиеваны 3:3 эсебинде жеңип алган. Муну менен Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкса, Ханум Велиева коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bekal
2021-11-11 12:22:03
Ийгилик болсун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан