Президент Садыр Жапаров Түркиянын Стамбул шаарында Түркиянын ишкерлер чөйрөсү менен жолугушууда аларга Баткен облусуна инвестиция салууну сунуштады. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Мамлекет башчысы түркиялык ишкерлерге облуска өзгөчө макам берилгендигин билдирип, бул аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү аркылуу жашоонун сапатын жогорулатууну камсыз кыларын белгилеген. Бул бизнести өнүктүрүүгө, жумуш менен камсыз кылууга жана аймактын өнүгүсүүнө мүмкүндүк берет.
Президент облустун аймагында өлкөнүн мыйзамдарында аныкталган өзгөчө жеңилдетилген (преференциалдык) салык жана инвестициялык режим иштерин кошумчалаган.
Ал түшүндүрүп бергендей, бул аймакка инвестиция салган ишкерлер салыктын төрт түрүнөн бошотулат. Алар: мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуу салыгы. Муну менен бирге өндүрүштүк максаттагы, пайдалуу жана муктаж болгон буюмдарды ташып келүүдө бажы алымы 0 пайызга түшүрүлүп, киреше салыгы 10 пайыздан 5 пайызга түшүрүлөт.
Өлкө башчы Кыргыз өлкөсү өндүрүштүк кызматташтыкты кеңейтүүгө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган, эки тараптуу кызыгууну арттырган агрардык тармактагы, тоо-кен жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгилеген.
Ал түрк компаниялары жана ишкерлери Кыргыз өлкөсү болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, биздин өлкөгө кошумча наркы бар биргелешкен ишканаларга жигердүү инвестициялай алышарын жана кыргыз-түрк кызматташтыгынын болгон потенциалын толук колдоно алышарын белгиледи.
Садыр Жапаров түрк инвесторлорунун долбоорлорун илгерилетүүдө ар тараптуу жардам берүүгө даяр.
"Мамлекет башчысы бул жолугушуу Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы соода-инвестициялык мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди. Жолугушуу жүрүшүндө Түркиянын бизнес-коомчулугу инвестициялык кызматташтыкты өстүрүү жөнүндө өз көз караштары менен бөлүшүп, Кыргыз өлкөсүнүн экономикасынын ар кыл тармактарына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгуу артышты.
Түркиянын ишкерлери Кыргыз өлкөсү менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана кызматташууга кызыгууларын билдиришти", - деп жазылат билдирүүдө.
Президент Садыр Жапаров менен жолугушууга Түркиянын кен казуу, курулуш, энергетика, маалыматтык технологиялар, жеңил өнөр жай, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарындагы ири компанияларынын өкүлдөрү катышты.