Президенти Садыр Жапаров Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин алкагында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун кеңири багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык өз ара аракеттенүү, энергетика тармагында кызматташуу жана башка маселелерди талкуулашты.
Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылы эки тараптуу кыргыз-түркмөн байланыштары байкаларлык активдешкенин канааттануу менен белгилеп, жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар мөөнөтүндө ишке ашарына ишеним артты.
Ал соода-экономикалык кызматташуу, эки мамлекеттин ортосундагы сооданы диверсификациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, өз ара сооданы көбөйтүүдө чоң потенциал бар экенин белгиледи.
Садыр Жапаров кыргыз тарап эки тараптуу кызматташтыкты, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн бардык чараларды көрүүгө даяр экендигин ырастады.
Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов эки тараптуу кызматташтыктын ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп жана Кыргызстан менен эки жана көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.