Өлкө башчы Садыр Жапаровдун 11-12-ноябрь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарына болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
"Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү", - деп айтылат маалыматта.
Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктаган соң бүгүн, 13-ноябрь күнү эртең менен Бишкекке кайтып келди.