11-ноябрь күнү өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын Стамбул шаарына иш сапары менен учуп кеткен.
Сапар алкагында мамлекет башчысы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын (ТМКК) катышуучу өлкө башчыларынын "Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар" темасындагы сегизинчи саммитине катышты.
Ошол эле күнү Садыр Жапаров Стамбулда Түркиянын ири бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушту.
12-ноябрь күнү Садыр Жапаров Өзбекстандын, Азербайжандын, Түркмөнстандын, Түркиянын президенттери жана Венгриянын премьер-министри менен жолугушуу өткөрдү.
Бүгүн, 13-ноябрь күнү эртең менен Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.