"Эмнеге министрлер кабинетинде Баткен облусунан бир дагы мүчө жок? Жогорку Кеңеште депутаттарыбыз да аз. Мени Баткендин кулуну катары ушул суроо кызыктырат", - деген суроо өлкө башчыга Баткен медиасынын журналисти тарабынан берилген.
Жооп: "Эмне Баткенден министр болсо эле Баткенди гүлдөтүп жибереби? Гүлдөтсө, 30 жылдан бери 30 министр, 30 депутатыңар болду. Эмнеге гүлдөтүп жиберишкен жок? Тескерисинче сазга батырып, сатып кетишиптир го. Азыр эми ошол сатылган жерлерибизди кайра кайтарабыз деп, ошолордун азабын тартып жатабыз".
Суроо: Анда эмнеге саткындарды жоопко тартпай жатасыңар? Эл ушуну сурап жатат?
Жооп: "Ар бир иштин өзүнүн бүтчү убагы болот. Азыр шайлоо процесси жүрүп жатат. Мындай учурда суракка ала албайсың. Шайлоодон кийин суракка алып, дыкат териштирип, күнөөлүүлөрдү, мейли ким болбосун жоопко тартабыз. Саткындар, чыккынчылар үчүн мөөнөт чектелбеш керек.
Силер Баткендиктер, министрибиз жок, депутатыбыз жок деп кейибегиле. Мен силердин министриңермин, мен силердин депутатыңармын жана мен силердин президентиңермин. Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат. Кыргыз өлкөсү Баткенден башталат. Чек араң бекем болбосо, өлкөңдө коопсуздук болбойт. Биринчи кезекте коопсуздук маселесине, андан кийин элдин жашоосуна, анан экономикасына көңүл буруп жатабыз. Бийликке келген биринчи күндөн баштап Баткенге 9 мектеп, 3 бала бакча, 3 оорукананын курулуштары башталды. 9 мектептин ичинен 2 мектеп толугу менен бүтүп пайдаланууга берилди".