"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, эки жолку Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова АКШдагы америкалык спортчуларга дагы бир жолу мастер-класс өттү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Кечээ мен келечекте балбандарды даярдаган мектепте кайрадан мастер-класс өткөрдүм. Мындан бир жума мурун дагы мастер-класс өтүп, позитивдүү эмоция алгам", - деп жазды Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова мастер-клас өткөн спорттук залга "Пекин-2008" жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону, UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Генри Сехудо дагы барган.
Айсулуу Тыныбекова буга чейин АКШнын Пенсильвания штатында жаш балбандарга мастер-класс өткөн.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова АКШга эс алуу жана ошол эле учурда машыгуу үчүн барган.