"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, эки жолку Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова АКШнын Пенсильвания штатында америкалык спортчуларга мастер-класс өткөрдү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Кечээ АКШда күрөш боюнча лидерлик сапаттарды өстүрүүчү "Wrestle like a girl" уюму менен биринчи мастер классымды өткөрдүм. Чынын айтсам, абдан толкундандым, бирок бул сүйкүмдүү кыздар мени жылуу кабыл алып, колдоо көрсөтүштү.
Алардын бийик жыйынтыктарга жетишерине чын дилимден тилектешмин", - деп жазган Тыныбекова.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова АКШга эс алуу жана ошол эле учурда машыгуу үчүн барган.