“Абдыш-Ата” футболдук клубунун чабуулчусу Алмазбек Мирзалиев 3-орунду өзүнүн командасы утабы же “Алга” утуп кетеби деген суроого оюн болуп жаткан Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондон жооп алуу үчүн келген. Бул тууралуу футболчу бүгүн, 15-ноябрда www.super.kg порталына билдирди.
“Биздин командабыз 3-орунду ээлеши керек. Албетте, бул үчүн “Дордой” атаандашын чоң эсепте утушу керек болот. Менимче, “Дордой” бул оюнду жеңип чыгат”,- деп кошумчалайт футболчу.
Эске салсак, бүгүн, 15-ноябрда саат 15:00дө бишкектик клубдар “Алга” менен “Дордойдун” ортосунда ТОП-Лиганын акыркы беттеши башталды. Биринчи таймдын жыйынтыгында “Дордой” 2:0 эсебинде утуп жатат.