Эртең, 19-ноябрда Бишкекте орун ала турган Кыргызстан-Азербайжан беттешинде улуттук курама команданын мүчөсү Азамат Байматов оюнга чыгат. Бул тууралуу футболчу бүгүн, 18-ноябрда www.super.kg порталына билдирди.
“Эл ичинде "Азамат Байматов казак болуп кетиптир" деген сөздөр чыгып жатыптыр. Мен эртең курама команданы, башкы машыктыруучуну жана жалпы күйөрмандарды колдоо үчүн Кыргызстан курама командасы менен болом. Акыркы күндөрү бишкектик “Дордойдун” курамында машыгууларга катыштым. Буюрса, өз үйүбүздө жеңиш үчүн колдон келгенин кылабыз”,- дейт футболчу.
Эске салсак, футболчу 2013-жылдын март айында ден соолугуна байланыштуу футбол менен убактылуу коштошкон. Ортодогу тыныгуудан кийин Азамат Байматов курамга Азербайжан менен болгон оюнда кайтат. Ал акыркы сезонду казакстандык “Окжетпес” футболдук клубунун курамында өткөргөнүн айта кетели.