Бишкектеги бильярддык клубдардын биринде куудул, тамада, аткаруучу, обончу, пародист Айтбек Муканбетовдун жаркын элесине арналган бильярддык мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруу тобунун мүчөлөрү билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш Айтбек мырзанын жакын достору, туугандары жана “Тамадалар борборунун” демилгеси менен уюшулуп жатат.
Мелдешке 60тан ашык киши катышат жана ал жаштар арасында, аксакалдар арасында жана орто курактагылар арасында өтөт. Мелдешке 25 жаштан 80 жашка чейинки тамадалар, Айтбек мырзанын жакын достору жана жалпы эле өнөр адамдары катышат.
Эске салсак, белгилүү аткаруучу, обончу, пародист, тамада Айтбек Муканбетов 2013-жылдын октябрь айында 59 жаш курагында көз жумган. Өзү акыркы 25 жылда бильярд оюнуна кызыгып, үзбөй ойноп келген.