30-ноябрда Нарын шаарында эрежесиз эр уруштун вале тудо түрү боюнча Эл аралык мелдеш орун алат. Бул тууралууу www.super.kg порталына аталган спорт түрү боюнча федерациянын президенти Эмил Токтогонов билдирди.
Эмил Токтогонвдун айтымында, мелдештин алкагында 10 беттеш өткөрүлөт. Мелдеште Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан мамлекеттеринин мушкерлери күч сынашышат.
Мелдештин негизги мушташы кыргызстандык Бакыт Бекбоев менен 2013-жылы уруш түрүндөгү самбо боюнча Дүйнө Кубогунун ээси болгон казакстандык Мирас Шынтасовдун ортосунда болот. Бул беттеш 90 килограмм салмакта өтөт.
Мелдеш Нарын драмалык театрынын чоң залында өтөт.