Бишкекте “Кыргызстандагы корейлердин музыкалык маданияты” аттуу концерт өтөт

Кыргыз улуттук консерваториясында 24-ноябрь күнү корей элинин маданияты менен тааныштыруучу иш-чара өтөт. Бул тууралуу 19-ноябрда концертти уюштуруп жаткан “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунан билдиришти. 
Концерттик программанын жүрүшүндө Кыргызстандагы корей диаспораларынын музыкалык маданияты менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Мындан сырткары катышуучулар корей элинин улуттук кийимдери, салт-санаалары менен тааныша алышат. 
Көрүүчүлөр белгилүү “Арираң” ырын угуп, ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын катарына кирген бийлерди көрө алышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан