Бүгүн, 13-январда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугу өтүп жатат.
Өлкө чемпиондугунун ачылыш аземинде коомдук ишмер Аскар Салымбеков балбан Алибек Осмоновго батир белекке берди.
"Өлкөдө грек-рим күрөшү алдыга чыгып бара жатат. Буга улай эркин күрөшүбүз дагы калбашы керек. Эркин күрөштө Эрназар Акматалиевди жакшы эле даңазаладык. Эми биз чоң үмүт менен Алибек Осмоновго батир тапшырып коюуга уруксат этиңиздер", - деди Салымбеков.
2021-жылдын октябрь айында Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Алибек Осмонов 65 килограмм салмакта коло байгеге ээ болгон.