Өзбекстандын аэропортторунда 15-январдан тарта жарандардан коронавируска карата экспресс-тест алынып баштайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмаларына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.
"Өлкөдө омикрон штаммы катталгандыгына байланыштуу аэропорттордо жарандардан коронавируска карата экспресс-тест алуу чечими киргизилди. Тесттин жыйынтыгы 15 мүнөттүн ичинде даяр болот жана баасы 5 долларды түзөт. Эгерде жарандан илдет аныкталса дароо обочолонууга жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.