Алматы шаарындагы баш аламандыкта Улуттук гвардиянын жоокеринин кызматтык ити уурдалган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Алматыдагы тополоңдо аскер кызматкери Рустамбек Байхарашев жарадар болуп, Найтс аттуу кызматтык итин уурдаткан.
"Баш аламандык учурунда башыма урулган соккудан улам эс-учумду жоготуптурмун. Кол салгандар жанымдагы кызматтык итимди уурдап кетишиптир. Мен өзүмө келгенде итти уурдаган адамды сүрөттөй алдым. Ал бүгүн камакка алынды. Полиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирем", - деген Байхарашев.
Аскер кызматкери менен анын кызматтык итинин жолугушуусу полиция бөлүмүндө болгон. Ит ээсин полиция бөлүмүндө түз туруп, жолугушууну чыдамсыздык менен күткөн.
Полиция кызматкерлери Найтс абдан акылдуу, боорукер жана тартиптүү экенин билдиришкен.