Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин нааразычылык акцияларынан кийин биринчи жолу эл алдына чыгышына комментарий берди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
"Нурсултан Абишевичтин тирүү жана ден соолукта экенине кубанычтабыз. Бирок ал Казакстандагы активдүү окуялардан 15 күн өткөндөн кийин чыкты. Эмнеге эртерээк чыккан жок? Анткени ал абдан таасирдүү адам, бийликтеги “Нур Отан” партиясынын лидери. Партиянын мүчөлөрүн көчөгө чыгып, тартипти орнотууну суранса болмок. Бирок 2-январдан бери күтүп жатат. Эмнени күтүп жатты? Баары белгилүү болушунбу? Кантсе да күттү, бирок эски президент бойдон калды", - деген Жириновский.
15-январда Жириновский Назарбаев көп убакыт мурда эле каза болгонун айткан. Ал эми кечээ, 18-январда Нурсултан Назарбаев кайрылуу жасаган.