Нуржигит Кадырбеков "оорукана" сөзүн "шыпаакана" деп өзгөртүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков парламенттин жыйынында "больница" сөзүн кыргызча "шыпаакана" деп которууну сунуштады.

"Кыргыз тилинде "оорукана" дегенди "шыпаакана" деп которбойлубу? Анткени сөздүн дагы мааниси, энергиясы бар. Оору көбөйгөндөн көбөйүп бара жатат", - деди эл өкүлү.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сунушту ойлонуп көрөрүн билдирди.

"Нуржигит Кадырбекович, сиз туура айттыңыз. Медицинада кээ бир оорулардын аталышы кыргыз тилине которулганда кыргыздар өздөрү дагы түшүнбөй калган учурлар болот. Сиз айткан сунуш боюнча биз ойлонуп көрөбүз, бирок оорукана сөзү бизде кеңири колдонулат", - деп жооп берди Бейшеналиев.

"Биздин шыпакаанадан чыккан тыянактар (диагноздор) Орусияга алып барып ал жаткан дагы текшерүүдөн өтөт экен. Өзүбүздө чекит коюуга мүмкүнчүлүк жокпу?" деп суроо салды депутат.

Министр Орусия кыргыз тарапка коронавирустун штаммдарын аныктоо үчүн эки лаборатория бергенин айтып өттү.

"Мурун коронавирустун штаммдарын аныктоо үчүн Орусиянын Новосибирск шаарына жөнөтүп жатканбыз. Бирок Орусия бизге эки лаборатория ачып берди. Азыр штаммды аныктоо эффективдүүлүгү 98 пайызды түзүүдө", - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан