Биз социалдык тармакта

Өлкөгө аз кубаттуу атомдук электр станциясын куруу пландалууда

Өлкөгө аз кубаттуу атомдук электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 20-январда Экспо-2020 дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында өлкөнүн Энергетика министрлиги менен "Росатом" компаниясы энергетиканы өнүктүрүү тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Энергетика министрлиги менен Орусиянын мамлекеттик корпорациясынын ортосундагы кызматташуу жолдорун алдын ала талкуулоонун темаларынын бири аз кубаттуу атомдук электр станциясын биргелешип куруу мүмкүнчүлү каралды.

Белгилей кетсек, азыркы этапта кыргыз тарап РИТМ-200Н реактордук станциясынын базасында орусиялык ядролук окумуштуулардын келечектүү өнүгүүсүн изилдөөгө гана кызыкдар экенин билдирди.

Өлкө аймагында атомдук электр станциясын куруу чечими мыйзамда талап кылынган көп тараптуу экспертизанын бардык процесстерин, биринчи кезекте экологиялык коопсуздукту, техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууну жана бекитүүнү камтыган кыйла узак процесстен кийин гана кабыл алынышы мүмкүн. Жалпы элдик талкуулоо жана өлкөнүн мамлекеттик органдарында макулдашуунун бардык этаптарынан өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bayern-munchen
2022-01-21 12:04:53
Ушуну куруу керек жаштарды окуутуу керек атом энергетика боюнча келечектин энергетикасы бул суу кээде болот кээде жок тем более климат озгоруп жатат быйыл кар жок кургакчылык аа кичинекей атом коп кубатуу энергетика бериши мумкун
+3
aitiev1210
2022-01-21 12:57:46
Экологиялык жактан караганда туура болбой калат, ал эми куруп иштеткенде иштоо режимин так сакташ керек, тууганчылык кылып атып кадр маселеси жакшы болбой калса, кудай сактасын бирок экинчи Чернобыль болуп калбасын!
0
Agayu
2022-01-21 13:16:35
Куруш керек , көмүр жакканды токтотпосок климат өлөт күндөн күнгө. Суусуз калабыз. АЭС ге көбү өтүп бүттү. Аэс жаман бирок , жашоого керек .Болбосо келечек өспөйт. Калктын саны күндөн күнгө өсүп жатат.Аларды энергия менен камсыз кылыш керек , завод фабрикалар керек , аларга күчтүү энергия керек.Энерниясы аз өлкө , энергиясы аз адамдай .Мен макулмун корочи
+2
bond02
2022-01-21 13:43:39
Тынч эле отурсанар э, пайдасынан зыяны коп мунун.
0
Antiradikal10
2022-01-21 13:57:14
Бийлик да, даканалары да анык кок мээлер экен...

Дуйно жузу АЭСтерден баш тартууда. А булар АЭС курсак дейт. Болуптур, АЭС да курдунар дейли. Радиактивдуу отходдорун кайда алып барасынар ыя?! АЭС бекер курулат бекен? АЭС ордуна ГЭСтерди куруу керек. ГЭСтерди курууга ошончо потенциалыбыз боло туруп АЭС курабызбы? Акмактык эмеспи бул? Казактардай чолдо жашап ГЭС куруу мумкунчулугубуз болбосо бир жон эле.......
+1
erkegenje
2022-01-21 15:34:32
Жакшы идея бирок зыйандуулгу тийбеш керек озу аз калк болсок
0
abdykapar
2022-01-21 20:01:07
Орустар Камбар ата гесин куруп беришти го? 37 млн$ карыз кылып. Алысыраак ойногула орустардан.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан