Журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун кылмыш иштеринин тергөөсүнүн мыйзамдуулугуна Бишкек шаардык прокуратурасы көзөмөл жүргүзүүдө. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.Белгилей кетсек, 22-январда Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесинде милиция кызматкерлери жана бет капчан адамдар тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, андан кийин журналист Болот Темировду укук коргоочулар кармап кетишкен.
Эртеси, 23-январда Свердлов райондук сотунда Болот Темировдун баш коргоо чарасы каралып, ал эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Ошол эле күнү төкмө акын Болот Назаров эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган.