Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын бир тууган иниси Олег Навальныйга издөө жарыяланды. Анын изделип жатканы Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматтык базасына чыккан.
Орус маалымат каражаттары Олег Навальныйга кылмыш ишине байланыштуу издөө салынганы, бирок кандай кылмыш экени айтылбаганын жазышат. Ал эми Навальныйдын жактоочусу муну кылмыш ишине байланыштырган эмес. Ал инспекторлор текшерүүгө барган учурунда Навальный жашаган жеринде жок болуп калганы менен түшүндүргөн.
Ошондой эле Олег Навальныйдын тарапташы дагы издөөгө алынган.
Белгилей кетсек, 2021-жылы Олег Навальный санитардык эрежелерди бузганы үчүн бир жылга шарттуу түрдө кесилген.