Пилдин баласынын кантип тамактанарын жакындан көрө электер үчүн Лаостогу жаратылыш паркынын кызматкерлери жакшы мүмкүнчүлүк жаратып берди. Анда Сук Ди деген ат коюлган кичинекей пилдин энесин чолпулдатып эмип жаткан учуру кадрга түшүп калган.
Жаныбар узун тумшугун ичин көздөй кайрып, көтөрүп, сүт ичкенге тоскоолдук жаратпагандай кылып ылайыктаган. Адатта көп видеолордо бала пилдин энесин ээрчип, эркелеп, ойноп жүргөн учурларын көрүүгө болот. Бул сапар интернет колдонуучулары бала пилдин кантип тамактанарына күбө болгон.
Видео пилдерди коргоо фонду тарабынан түзүлгөн атайын жаратылыш парктарынын биринде тартылган. Аталган уюм адамдардын запкысына кабылып жана ооруп, жапайы жаратылышта кароосуз калган ири жаныбарларды сактап, көбөйтүү максатын көздөйт.