Казакстан парламентинин жогорку палатасынын депутаттары экс-президент Нурсултан Назарбаевдин Казакстан элинин ассамблеясына жана Коопсуздук кеңешине өмүр бою төрагалык кылуусун жокко чыгарган мыйзамды жактырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Казакстан парламентинин конституциялык мыйзамдар, сот жана укук коргоо органдары боюнча комитетинин корутундусуна ылайык, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр Коопсуздук кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын өлкө президентине өткөрүп берүүгө багытталган. Ошентип Ассамблея жөнүндөгү мыйзам Казакстандын биринчи президенти өмүр бою аны жетектөө укугун, ал эми Коопсуздук кеңеши жөнүндөгү мыйзам Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектөө укугунан ажыратат.
Мындан тышкары парламентте Назарбаевдин республиканын Конституциялык кеңешинин мүчөсү болуу, өкмөттө жана парламентте сөз сүйлөө укугун сактап калган конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү талкууланууда.
19-январда Казакстандын парламенти биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин Коопсуздук кеңешинде жана Казакстан элинин ассамблеясында өмүр бою төрагалык кылуусун жокко чыгарган түзөтүүнү кабыл алган.