Кыргыз өлкөсү менен чек арага жакын Тажикстандын Сомониён айылында балдар менен аялдар эвакуациялана баштады. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышты.
"Учурда атышуу уланууда. Алгач кыргыз аскерлери аткылап, ага жооп иретинде тажик аскерлери ок чыгарып, атышуу башталган. Жарадарлар бар, бирок так саны белгисиз", - деген тажикстандык тургун.
Бүгүн, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап минамет жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.