
Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан улам Баткен облусунун бир катар аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Өлкөнүн Энергетика министрлиги электр жарыгы кайра качан калыбына келтирилерин кабарлады.
"Баткен облусундагы Аксай, Актатыр, Көк-Таш, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек жана Ортобоз айылдарында электр энергиясы өчкөн. Аталган айылдарда электр чубалгыларын калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик чек ара кызматынан уруксат алуу керек. Уруксат берилсе гана кыска убакытта калыбына келтирилет, адистер өз ишин баштоого даяр турат", - дешти мекемеден.
Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасына жакын аймактардагы ок атышуу токтоп, бүгүн, 28-январь саат 08:00гө карата абал
туруктуу. Ок атышуунун кесепетинен
11 кыргыз аскери жаракат алды.
Чек арадагы аскерлер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.