Ташкент шаарындагы зоопаркта аял кичинекей кызды тосмодон ашырып, аюунун короосуна ыргытып жиберди. Жаныбар балага тийген эмес, бирок кыз дээрлик беш метр бийиктиктен кулап жабыркаган. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя көптөгөн адамдардын көз алдында болгон.
"Кавказ күрөң аюусу Зузу короосунда жатып, болуп жаткан окуяны карап турган. Зоопаркка келген адамдар жана зоопарктын кызматкерлеринин аракетине карабастан, аялды токтотууга мүмкүн болгон эмес. Ал кичинекей кызды жырткычтын алдына ыргытууга жетишкен", - деп билдирген зоопарктын кызматкерлери.
Бактыга жараша, аюу кыздын жанына барып жыттап, кайра кетип калган.
Учурда бул факты боюнча укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө.