Социалдык тармактарда Ташкенттеги зоопаркта аял баласын аюунун короосуна ыргытып жиберген учур тартылган видео тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, аял баласы менен тосмонун жанында бир канча убакыт туруп, анан аны аюунун короосуна түртүп жиберген. Жырткыч акырын арыкка түшүп, балага жакындап, бирок ага тийген эмес.
Зоопарктын кызматкерлери буга тез эле реакция кылып, жаныбарды ички бөлмөгө азгырып алып киришкен. Андан кийин баланы короодон чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Үч жашар бала жырткычтын тишинен эмес, дээрлик беш метр бийиктиктен кулагандан гана жапа чеккен.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жогорудагы факты боюнча "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча иш козголгон.
Бул окуя 28-январда болгон.